SerepTV Logo

Эки кыргызстандык туткунда деген маалымат - фейк

Эки кыргызстандык туткунда деген маалымат - фейк
Социалдык тармактарда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда тажик аскерлери эки кыргызстандыкты колго түшүрдү деп тарап жаткан маалымат жалган. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. "Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул маалыматты расмий түрдө төгүндөйт. Бул видео болжол менен 2017-жылы тартылган жана 2021-жылдын 28-29-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларга эч кандай тиешеси жок",- деп айтылат маалыматта.