SerepTV Logo

Эки жумада 34 миң тоннадан ашуун азык-түлүк экспорттолду

Эки жумада 34 миң тоннадан ашуун азык-түлүк экспорттолду
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери республиканын чек арасында жана аймагында карантиндик-фитосанитардык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинен 16-апрелине чейин 34 миң 70 тонна, 23 центнер азык-түлүк экспортко чыгарылган. ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларга текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон өндүрүмдүн үлгүлөрү алынды, ташуу шарттары жана эрежелери сакталды.
Unknown Author