Royal
SerepTV Logo

"Эжесине баары жакшы экенин жазган". Кара-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы кыз Бишкектен табылды

"Эжесине баары жакшы экенин жазган". Кара-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы кыз Бишкектен табылды
Кара-Көлдөн дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы тарабынан Кара-Көл шаарынын тургуну 2008-жылы туулган кыздын 15-июль күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат таратылган. 14 жаштагы кыз өзү тууралуу маалыматты ЖМКлардан окуп, эжесине электрондук кат жазып, баары жакшы экендигин билдирген. Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери кыздын Бишкек шаарынан байланышка чыккан жерин аныктап, аны таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.