Дүйнөнүн 63 өлкөсүнүн саясий партиялары Атамбаевдин айланасындагы кырдаал боюнча билдирүү жасашты
Ар кайсы өлкөлөрдөгү 63 саясий партия мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу Кыргызстандын бийлигине биргелешкен билдирүү-кайрылуу жасашты. Бул тууралуу кечээ, 13-июлда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков соцтармактагы баракчасына жазды.
Билдирүүнүн тексти:
Алмазбек Атамбаев өз өлкөсүндө 1000 күндөн ашык абакта жатат жана учурда тез медициналык жардамга муктаж. Кеңеш мурдагы президент Атамбаевдин кармалышы, соттолушу анын айыпталуучу катары мыйзамдуу жана адамдык укуктарына, Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине жана эл аралык соттук стандарттарга каршы келерин баса белгилейт.
Апрель айында Социалисттик Интернационалдын Башкы катчысы абак камерасына барып, Атамбаевдин ден соолугу начарлап баштаганына биздин уюм күбө болду. Биздин уюмдун кайрылуусунан кийин Кыргызстандын өкмөтү Атамбаевге айрым медициналык диагностика боюнча жардам көрсөттү, бул көптөн күткөн окуя жана маанилүү кадам болду. Бул экспертизалар Атамбаевдин өмүрүн сактап калуучу медициналык жардамга муктаж экендигин жана анын ден соолугу начарлап жатканын тастыктады.
Дарыланууга муктаж болгонуна карабастан, мурдагы президент түрмөгө кайтарылды жана ага шашылыш түрдө муктаж болгон эки операцияны жасоо өтүнүчтөрү же мүмкүнчүлүгү дагы эле четке кагылган. Биз Кыргызстандын бийлигин Алмазбек Атамбаевге Кыргызстанда жасоого мүмкүн болбогон эки операцияны чет өлкөдө жасоого уруксат берүү өтүнүчүн тез арада аткарууга чакырабыз.