SerepTV Logo

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү: "Уу коргошун коронавирусту дарылайт деген маалымат – фейк"

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү: "Уу коргошун коронавирусту дарылайт деген маалымат – фейк"
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова коронавирус инфекциясын уу коргошундун тамырынан жасалган тундурма менен дарылоо ыкмасы фейк экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-апрелде Kaktus.media сайтына билдирди. Артыкованын айтымында, ал таратылган маалыматты өзү текшерип көргөн: бул - фейк. Ал уу коргошун менен коронавирустан айыгуу мүмкүн болбогон нерсе экенин айтты. "Мындай болушу мүмкүн эмес. Бардыгына илимий далил керек”,- деди ал. Ошол эле учурда президенттин басма сөз кызматы тундурма жөнүндө маалымат жарыяланган баракча чындыгында президент Садыр Жапаровго таандык экендигин билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин мамлекет башчы дарыгерлер коронавирусту алгачкы этапта бир-эки күндө айыктыруунун жолун тапканын айткан. Президент буга чейин журналисттерге берген маектеринде өзү абакта отурганда коронавирус менен ооруганын, ал оорудан дал ушул ыкма менен айыкканын айтып келген болчу.  
edita