Муфтият Садыбакас Дооловду эч кимдин абийирине шек келтирген жок деп эсептейт
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан Садыбакас Дооловдун сөзүндө жеке бир адамдын аброюна шек келтирген сөз болбогонун билдиришти.
"Социалдык тармакта талкуу болуп жаткан Садыбакас Дооловдун видеосун 3 критерий менен карап чыгып, шариятты бузбагандыгын, саясатка аралашпагандыгын жана жеке бир адамдын аброюна жана кадыр-баркына шек келтирбегендигин аныктады. Садыбакас Доолов менен баарлашуу иштери жүргүзүлүп, элге айта турган сөздүн мааниси толук жетпей калгандыгы айтылды", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Садыбакас Дооловдун "аялдын эти арзандаган себептүү базардагы койдун эти кымбаттады" деген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ayaldyn-eti-arzandap-koidun-eti-kymbattady-degen-imamdyn-sozy-talkuuga-tyshty/"> видеосу коомчулукка тарап, сынга кабылган.