Депутат: "Кен казууда цианидди колдонууга тыюу салса болбойбу?"
"Кыргызстанда алтын казгандарга эмне үчүн каршы чыгышат? Себеби, жергиликтүү элге калдыктардын зыяны тийбесин дешет" деди депутат Кубанычбек Самаков бүгүн, 23-июнда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында.
"Менин кесиптешим цианид колдонбоо боюнча туура маселе көтөрүп чыкты. Ооба, статистика боюнча цианидден башка химикаттарды колдонсо ишмердүүлүгү 5 пайыздан 10 пайызга чейин кымбаттайт. Ошолор менен күрөшкөндүн ордуна алдын ала шарт коюп койсо болбойбу? Кыргызстандын келечегин алдын алуу болуп эсептелет да",- деди депутат.
"Азыркы учурда такыр колдонууга болбогон химикаттар бар, бирок цианидди колдонууга болот. Карап көрөлү. Анализ керек",- деди жаратылыш министринин орун басары.