Abank
SerepTV Logo

Депутат: "Бир күндө 5 дарыгердин жумуштан кетиши - медицина үчүн коңгуроо"

Депутат: "Бир күндө 5 дарыгердин жумуштан кетиши - медицина үчүн коңгуроо"
Ысык-Көлдө 5 дарыгердин бир күндө жумуштан кетиши - медицина үчүн коңгуроо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди. "Дарыгерлерибизди карабай таштап салдык, чүнчүп кетти. Баарыбыз биригип медиктерди коргойлу. Элде дарыгерлерди ур-токмокко алса болот экен деген түшүнүк пайда боло баштады. Ушундай темп менен кете берсе бүбү-башкыларга күнүбүз түшөт”, — деди депутат. Ал дарыгерлерге жана мугалимдерге зомбулук көрсөткөндөр үчүн жаза чараларын күчөтүү керектигин айтты.