Royal
SerepTV Logo

"Денесинде күйүктүн тактары бар". Укук коргоочу Ошто туугандары 3 жашар баланы сабап жүргөнүн айтып чыкты

"Денесинде күйүктүн тактары бар". Укук коргоочу Ошто туугандары 3 жашар баланы сабап жүргөнүн айтып чыкты
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сары-Моңгол айылында 3 жашар баланы туугандары сабашкан. Аталган маалымат менен укук коргоочу Назгүл Турдубекова социалдык баракчасына жазды. Анын айтымында, баланын ата-энеси ажырашкан. "Апасы баласын туугандарына калтырып Бишкекке иштегени кеткен. Маалыматка ылайык, баланы ишенип тапшырган тууганы уруп жүргөн, денесинде күйүктүн тактары бар", - деп жазган укук коргоочу. Укук коргоочу кордук көргөн балдар, аялдарга мамлекет тарабынан колдоо керектигин кошумчалаган.