SerepTV Logo

Дем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Дем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт
Дем алыш күндөрү Бишкекте айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Эртең мененки саат 10:00дөн тарта ата мекендик өндүрүшчүлөр продукцияларын элге сунушташат. Шаардыктар үч жерде уюштурулган жарманкеге бара алышат:
  • Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгүндө;
  • 12-кичи райондогу Нуркамал Жетикашкаева менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде;
  • Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Мэрия шаардыктарды санитардык нормаларды, аралыкты сактоо керектигин эске салды.
edita