SerepTV Logo

Дем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Дем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт
Бишкек шаарында 10-11-апрель күндөрү кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымат болгондой, жарманке Биринчи Май райондук администрациясы — Исхак Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жана Свердлов райондук администрациясы — Т. Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт. Азык-түлүктөрдүн баасы: Уй эти — 390-405 сом; Жылкы эти — 380-390 сом; Кой эти — 400-405 сом; Тоок эти — 200-210 сом; «Царь» суу майы — 130-132 сом; «Лучезарное» суу майы — 130-132 сом; «Ласка» суу майы — 130 сом; Фирма жумурткасы — 75-85 сом; Үй жумурткасы — 90-95 сом; Кайыңды шекери — 56 сом, 5 кг 280 сом; Алма — 30-60 сом; Сабиз — 10-15 сом; Картошка — 28 сом; Пияз — 14-16 сом; Ун — 27-38 сом.
Unknown Author