SerepTV Logo

23-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

23-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат
23-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар жаайт. Түндө Чүй, Талас жана Ысык-Көл дубандарынын дыйканчылык аймактарында -2...-3° үшүк жүрөт. Күндүз эч жерде жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15, Баткен, Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11, Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 6...11, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -1...-6°. Бишкек шаарында түнкүсүн 0...2, күндүз 13...15°. Жаан-чачын болбойт.
Unknown Author