Abank
SerepTV Logo

Дарыгер: "Коронавирус менен ооругандардын эс-тутумун калыбына келтирүү толук мүмкүн"

Дарыгер: "Коронавирус менен ооругандардын эс-тутумун калыбына келтирүү толук мүмкүн"
Коронавирус менен ооруп айыккандар унутчаак болуп калышканын айтышууда. Унутчаактык эмненин белгиси? SUPER.TV каналынын "Шыпаакана" берүүсүнө конок болгон врач-невропатолог Жамалбек Тургумбаев аталган суроонун айланасында жооп берет. "Коронавирус менен ооруган адамдардын эс-тутуму кайтат. Канчалык эртерээк аракет кылса, ошончолук калыбына келүү мүмкүнчүлүгү чоң. Ооруган күндөн баштап кан тамырларды кеңейтүүчү, канды суюлтуучу, мээнин иштөөсүн сактоочу дары-дармектерди ичсе батыраак эс-тутуму жайына келет. Убакыт өтүп кетти, калыбыма келбей калдым деп кол шилтеп койбой, дарыгерге кайрылса, эс-тутум маселесин чечүүгө болот. Шишик сыяктуу оор илдеттер болбосо эле калган учурда эс-тутумду оңдоо толугу менен мүмкүн", - дейт врач.