Дагы бир уулануу. Жалал-Абад шаарында "Таж-Махал" тамактануучу жайдан 14 адам ууланды
Жалал-Абад шаарындагы "Таж-Махал" тез татымынан 14 адам тамак-ашка ууланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан кабарлашты.
Кечээ, 30-июнь күнү "Таж-Махал" тез татымы даярдалуучу жайдан 14 адам ууланган. Учурда алардын 6сы облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми 8 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Аталган тамактануучу жайга 7500 сом айып пул салынып, ишмердүүлүгү токтотулду.