Abank
SerepTV Logo

Дача-СУ кырсыгында жабыркагандарга чогултулган 151,4 миллион сомду кимдер берген?

Дача-СУ кырсыгында жабыркагандарга чогултулган 151,4 миллион сомду кимдер берген?

2017-жылдын 16-январында Дача-СУ айылына жакын жердеги «Манас» аэропортунда болгон «Боинг-747» жүк ташуучу учагынын кырсыкка учурашынын себептерин жана шарттарын иликтөө боюнча коомдук комиссиянын жыйынында жабыркагандарга ким жана канча суммада жардам бергени маалым болду. 

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмамбет Шамыркановдун айтымында, ошол кездеги премьер-министрдин тапшырмасы менен [Сооронбай Жээнбеков] жана өкмөттүк комиссиянын 2017-жылдын 19-январындагы №23-206 протоколдук буйругу менен атайын эсеп ачылып, 2018-жылдын 12-январында жабылган. Анын айтымында, бул убакыт аралыгында жалпысынан 151 миллион 431 миң 994 сом түшкөн.

Түшүндүрмө катка ылайык, төмөндөгүлөрдөн акча каражаты түшкөн:

  • Президенттик аппараттан - 967 миң 159 сом;
  • ЖК аппаратынан – 1 миллион 153 миң 205 сом;
  • Өкмөттүк аппараттан - 286 миң 564 сом;
  • мамлекеттик кызматкерлердин бир күндүк эмгек акысынан – 34 миллион 734 миң сом;
  • өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн - 1 миллион 77 миң 346 сом;
  • мамлекеттик ишканалардан - 1 миллион 964 миң 262 сом;
  • ЖЧК, ААКтардан - 14 миллион 924 миң 831 сом;
  • Бишкек, Ош, Кемин, Токмок жана башка шаарлардын мэрияларынан - 3 миллион 966 миң 934 сом;
  • Кыргызстандын консулдуктарынан - 1 миллион 491 миң 831 сом;
  • жеке жактардан - 1 миллион 325 миң 825 сом;
  • диаспоралардан - 157 миң 100 сом;
  • ACT Airlines түрк авиакомпаниясы - 712 миң 480 доллар (49 миллион 271 миң 814 сом);
  • башкалардан - 40 миллион 102 миң 124 сом.