SerepTV Logo

COVID-19: сутка ичинде 151 адамдан жаңы аныкталды

COVID-19: сутка ичинде 151 адамдан жаңы аныкталды
Кыргызстанда 9-апрелге карата COVID-19дун 151 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Алардын ичинен 117 учур лабораториялык жактан тастыкталса, 34 адам пневмонияга чалдыкканы аныкталган.
  • Бишкек - 74
  • Ош шаары - 6
  • Чүй облусу – 47
  • Нарын облусу - 7
  • Ысык-Көл облусу – 16
  • Жалал-Абад облусу – 1
Сутка ичинде жалпы 112 бейтап айыкты. Ал эми COVID-19 илдетинен каза болгон учурлар катталган жок. Кыргызстанда жалпы COVID-19 инфекциясынын 89 811 учуру катталды. Анын ичинен 85 719 адам айыгып чыкты. Жалпы 1516 адам каза тапты, алардын 1036сы пневмониядан көз жумду.
Unknown Author