SerepTV Logo

COVID-19. Кыргызстанда 9575 киши эмделди

COVID-19. Кыргызстанда 9575 киши эмделди
Кыргызстанда акыркы суткада 816 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ал эми бүгүнкүгө чейин өлкөдө жалпы 8575 адамга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлдү. Алар: - Бишкек шаарында — 817 адам; - Ош шаарында — 822 адам; - Чүй облусунда — 899 адам (соңку суткада – 49 киши); - Ош облусунда — 3529 адам (соңку суткада – 407 киши); - Ысык-Көл облусунда — 737 адам (соңку суткада – 74 киши); - Баткен облусунда — 367 адам (соңку суткада – 24 киши); - Нарын облусунда — 545 адам (соңку суткада – 5 киши); - Жалал-Абад облусунда — 1684 адам (соңку суткада – 192 киши); - Талас облусунда — 177 адам (соңку суткада – 65 киши).
edita