SerepTV Logo

COVID-19. Кыргызстанда 13,5 миң адам эмдөөдөн өттү

COVID-19. Кыргызстанда 13,5 миң адам эмдөөдөн өттү
Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча жалпы 1 миң 357 адам коронавируска каршы эмдөө алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. "Акыркы 24 сааттын ичинде 1 миң 357 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бардыгы болуп өлкөдө 13 миң 552 адам эмдөө алды", - деп билдиришти министрликтен. Сутка ичинде эмдөө алган адамдар:
  • Бишкек - 217;
  • Ош шаары - 134;
  • Чүй облусу – 166;
  • Ош облусу - 202;
  • Талас облусу - 64;
  • Нарын облусу - 30;
  • Ысык-Көл облусу – 169;
  • Жалал-Абад облусу – 220;
  • Баткен облусу - 155.
Буга чейин Кытай Кыргызстанга 150 миң доза "Синофарм" вакцинасын берген. Ал 75 миң адамды эмдөөгө жетет. Бүгүн болсо, Орусиядан 20 миң доза "Спутник V" вакцинасы келди. 
Unknown Author