SerepTV Logo

COVID-19 илдетин 247 адам жуктуруп алды, 5 адам каза тапты

COVID-19 илдетин 247 адам жуктуруп алды, 5 адам каза тапты
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетин 247 адам жуктуруп алды, 5 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Аймактар боюнча:
  • Бишкек - 146
  • Ош - 1
  • Чүй облусу – 79
  • Ош облусу - 2
  • Талас облусу - 2
  • Нарын облусу - 6
  • Ысык-Көл облусу – 7
  • Жалал-Абад облусу – 1
  • Баткен облусу - 3
Ал эми сутка ичинде 203 адам айыгып чыкты. Каза тапкан 5 адамдын үчөө Бишкектен, экөө Чүй облусунан. Ошону менен Кыргызстанда оору жуктургандардын жалпы саны 94 миң 227 адамга жетти. Алардын ичинен 88 миң 415 адам айыгып чыкты. 1 миң 589 адам каза тапты.
Unknown Author