Чүйдөгү каналга тизилип, килем жууган жарандардын видеосу тарады
Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы каналда Бишкек шаарынын айрым тургундары килемдерин жууп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматк караганда, суу кирдеп, дыйкандар талааны самын аралашкан суу менен сугарууга мажбур болуп жатышат. "Канал Бишкек шаарына жакын. Ошондуктан айрым тургундар келип, түшүп да кетишет. Биз жашылча-жемиштерди самын суу менен сугарып жатабыз", - дешет дыйкандар.