SerepTV Logo

Чүйдө курал-жарактардын жана ок-дарылардын кампалары табылды

Чүйдө курал-жарактардын жана ок-дарылардын кампалары табылды
Чүй облусунда курал-жарактардын жана ок-дарылардын кампалары табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, УКМК жана "Альфа" атайын кызматы менен биргеликте 2010-жылдагы апрель окуялары жана 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактар боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында Чүй облусунан курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды. "Бекитилген жерден АК-47 Калашников автоматынын 2 магазини, 5.45- 59 даана ок-дарылар жана РПГ-26 Аглень гранатомету табылып алынды. Булар мурда Кыргызстандын күч бөлүмдөрүнүн биринин балансында болушу мүмкүн. Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноочулукка тиешеси бар кылмышкерлерге таандык болушу ыктымал", - деп жазылат маалыматта. Учурда УКМК тарабынан куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат. [gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="37443,37444"]
Unknown Author