Royal
SerepTV Logo

Чүйдө келин төрөтканага жетпей таксиде көз жарып, төрөтүн кайненеси кабыл алган

Чүйдө келин төрөтканага жетпей таксиде көз жарып, төрөтүн кайненеси кабыл алган
15-июлда Чүй облусунда келин төрөтканага жетпей, таксиде көз жарды. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Исмаилова тастыктады. "15-июль күнү кош бойлуу келиндин суусу кетип, кайненеси фельдшерге чалган. Фельдшер ага тез арада №2 төрөтканага барууга багыттама берген. Таксиде баратып төрөтканага жетпей келин көз жарып, кайненеси төрөтүн кабыл алган. Эне-бала аман-эсен төрөтканага жеткирилип, жаткырылган", - дейт координатор. Маалыматка ылайык, көз жарган келин кош бойлуу учурунун акыркы жумаларында Москвадан келип, каттоого турган.