Чүйдө абактагы 7 өспүрүм окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк алды (сүрөт)
Соттолгон жети өспүрүмдөргө окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.
Иш-чара Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоочу мекемесинде өткөн. "Жашы жете электер камалган мекемеде мурдагы мыйзам бузуучулар кесиптик лицейди ийгиликтүү аяктап, техникалык адистикке ээ болушту. Мугалимдер аларга тиешелүү сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырышты",- деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="126719,126720,126721,126722,126723,126724"]