Royal
SerepTV Logo

Чүйдө 36 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду

Чүйдө 36 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду
Чүйдө келин төрөттөн кийин көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты. Маалыматка караганда, 36 жаштагы келин 10-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө түшкөн. 11-февралда көз жарып, тилекке каршы, анын эртеси каза болгон. Ымыркайдын абалы жакшы экендиги, ал эми келин Токтогул районунан келгени маалым болду. Маркумдун сөөгү экспертизага жөнөтүлгөн.