Royal
SerepTV Logo

Чүйдө 36 жаштагы жаран 27-июлдан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 36 жаштагы жаран 27-июлдан бери дайынсыз болуп жатат
Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 1986-жылы туулган Карагулов Тимур Жекшеналиевич изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал 27-июлда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат. Белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара жана кыска. Кийген кийими: кара-көк футболка жана шорта. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (3138) 5-82-89, 0 (702) 77-74-08, 0 (552) 99-20-25 номурларына чалыңыздар.