Royal
SerepTV Logo

Чүйдө 3 тоннадан ашык кара куурай өрттөлдү

Чүйдө 3 тоннадан ашык кара куурай өрттөлдү
Аламүдүн районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан 3 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 4-июлдан 10-июлга чейин Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында иш-чара жүргүзүшкөн. Анын алкагында бүгүнкү күндө Васильевка жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн аймагында аянты 1,9 гектардан ашык жапайы өсүүчү кара куурай аныкталып, 3 тоннадан ашык кара куурай жок кылынган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="124700,124701,124702"]