Royal
SerepTV Logo

Чүйдө 24 жаштагы Тилек Сатыкеев үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болууда

Чүйдө 24 жаштагы Тилек Сатыкеев үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болууда
Чүйдө 1998-жылы туулган Тилек Сатыкеев изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал 16-августта Ысык-Ата районунун Нурманбет айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Кара сызыктары бар ак футболка, спорттук шым, кара сандалии жана өтө чоң эмес сумка асынып жүргөн. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (3135) 5-02-80, 0 (708) 45-78-46 номурларына чалыңыздар.