Royal
SerepTV Logo

Чүйдө 18 жаштагы Айдана Абдыжапарова изделип жатат

Чүйдө 18 жаштагы Айдана Абдыжапарова изделип жатат
Чүйдө милиция 2004-жылы туулган Айдана Абдыжапарованы издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 17-июлда милицияга кыздын апасы кайрылып, кызы 15-июлда Пригородное айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирген. Белгилери: бою 155-160см, арык, чачы жана көзү кара. Кийген кийими: кара футболка, кара спорттук шым, бутунда жашыл шлепанцы. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, (0312) 36-35-23; 0999 21 07 09 номурларына чалсаңар болот.