Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы кыз изделип жатат
Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы кыз изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Бүгүн, 16-февралда Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы кыз изделүүдө. Издеп-куткаруу иштерине 10 куткаруучу тартылды. Буга кошумча анын жакындарынан 15 киши куткаруу иштерине чыгышты.
Кечээ Кант шаарынын тургуну сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, издөө иштерине 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана 4 тууганы чыккан. Издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес", - дешти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="228778,228779,228780"]