SerepTV Logo

Чек арадагы ок атышуу: бир адам каза тапты

Чек арадагы ок атышуу: бир адам каза  тапты
Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын саат 18:00гө карата тараткан маалыматына караганда, Баткен облустук ооруканасына дагы 5 жабырлануучу түштү, алардын 1и каза тапты. Дагы 1 жабырлануучу Лейлек жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилди. «Жалпы жабырлануучулардын саны 17, алардын бирөө каза тапты, бирөө үйүнө жөнөтүлдү. Кошумча маалымат берилет», - дешти министрликтен.
Unknown Author