SerepTV Logo

Чек арадагы жаңжалда каза тапкан жоокердин сүрөтү тарады

Чек арадагы жаңжалда каза тапкан жоокердин сүрөтү тарады

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан каза тапкан жоокердин сүрөтү соцтармактарга жарыяланды. Кийин анын аты-жөнү да белгилүү болду.

Эсентур Кубаныбек уулу Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында туулган. 30 жашта болчу. Жакындарынын айтымында, ал Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейин бүтүрүп, андан кийин Орусиядан билимин жогорулатып келген. Нарындагы чек ара бекеттеринин биринде жетекчинин орун басары болу иштеп жүргөн. Баткенге барганына 10 эле күн болгон.

Сереп Медиа маалымат агенттиги Эсентур Кубанычбек уулунун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Unknown Author