SerepTV Logo

Чек арадагы жаңжал. Өзгөчө кырдаалдар министри Баткенге жөнөп кетти

Чек арадагы жаңжал. Өзгөчө кырдаалдар министри Баткенге жөнөп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнө жөнөп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

"Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек-ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыр-чатактардын күч алганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жерине чыгып кетти.

Эскерте кетсек, ӨКМдин Баткенге караштуу Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан куткаруучулары учурда Ак-Сай айылында",- деп айтылат маалыматта.