SerepTV Logo

Чек арадагы жаңжал. Лейлекте кайрадан ок атышуу болуп жатат

Чек арадагы жаңжал. Лейлекте кайрадан ок атышуу болуп жатат

Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта кайрадан атышуу болуп жатат. Бул маалыматты Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка караганда, ок атышуу болжол менен бир сааттан бери уланууда. Ок тийгендердин арасында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери бар.

Буга чейин социалдык тармактарда Лейлек районунун айылдарын Тажик жарандары басып алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Бирок бул маалыматты ОИИБ тастыктаган жок.