Чек арадагы жаңжал. Галина Байтерек Садыр Жапаровдун буга чейин эмне кылып жатканын айтты
Президент Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.
"Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде өкмөт мүчөлөрү менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.
Өлкөнүн күч структураларынын, ага катышкан мамлекеттик органдардын башчыларынын маалыматтары угулду. Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында, учурдагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө үчүн биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.
Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык каналдар аркылуу кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча ишти улантуу тапшырылды",- деп айтылат маалыматта.