SerepTV Logo

Чек арадагы чыр. Айыл тургундары бийликтен элге курал берүүнү талап кылышууда

Чек арадагы чыр. Айыл тургундары бийликтен элге курал берүүнү талап кылышууда
Тажиктер менен чыр чыккандан бери бул жерге бийликтен бирөө да басып келип, тургундардын абалын сурап койгон жок. Бул тууралуу Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундары билдиришти. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, бул чырдын башы мындан 1-2 жума мурун башталган. Кыргыз тарап "Головной" суу алгычын жылда ремонттон өткөрүп, апрель-май айларында тургундарга суу берүүнү токтотушчу, бирок тажик тарапка суу кетип турчу. Бул жылы дагы оңдоп-түзөө иштерин жасоо үчүн барган кыргыздарга тажиктер ремонт кылдырбай койгон. Кечээ болсо, тажик тарап электр чубалгысынын тирөөчтөрүнө видеокөзөмөл камераларын орнотууну башташкан. Кыргыздар буга каршы болуп, жаңжал чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытып, кийин тажик тарап ок чыгарган. «Эртең мененки саат 4:00дөн бери тажиктер бизди аткылап, жакын жерде милиция бөлүмү бар, аларды имаратынан кууп чыкты. Алар аткылап жатса, биздин жоокерлерде андай буйрук жок экен, каршылык көрсөтө алышпай, баары качып чыккан. Кыргыздын трассасынан өтүп жаткан унааларды да аткылап жатышат. Биздин аскерлер элди тосот, өздөрү барып тосмо дубалдардын астында отурат, башка эч  нерсе кыла албайт. Тиги турган мечит кыргыздардыкы, ошону тажиктер алып алып, эч ким азыр бара албай жатат. Эл эмес, аскер адамдары бара албай жатат. Бийликтен бир чоң келип же губернатор келип бизден кабар алган жок. Биз бала-чакабызды Баткенге ар жерге жайлап коюп, өзүбүз айылда турабыз. Аскерлер бизди тажиктерге барбагыла деп артка сүрөт, тажиктер кыргыздардын жерине басып эле кирип келип жатат. Же бийлик келип бизге жардам берсин, же элге курал берсин», - деди Көк-Таш айылдык кеңешинин депутаты Жоробай Осмонов.
Unknown Author