SerepTV Logo

Чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү

Чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү
Чек арадагы абал облус башчысынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн бидиришти. "Баткен районунун Ак-Сай айылында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында, учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу бар. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек. Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жеринде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде ыкчам иш аракеттерди жүргүзүүдө. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругуна ылайык, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү", - дешти. Мындан тышкары, Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык экени маалым болду. "Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Азыркы учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.