Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенге учуп кетти
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы күч түзүмдөрүнүн бөлүктөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо үчүн бүгүн Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенге учуп кетти. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
УКМКдан билдиришкендей, 29-апрель саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, бирок чыңалуу бар. Ошондой эле учурда мамлекеттик чек арадагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери кыргыз тарабынан кадимки тартипте иштөөдө. Чек арачылар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте кырдаалды жөнгө салуу үчүн зарыл чараларды көрүп жатышат. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин чек арада келип чыккан көйгөйлүү маселелерди эл аралык укуктун жана жетишилген эки тараптуу келишимдердин алкагында сүйлөшүү столунда чечүүгө чакырат.
Кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.