SerepTV Logo

Чек ара кызматы: "Ворухта 2 тажик өспүрүм сабалганы тууралуу маалымат - бул фейк"

Чек ара кызматы: "Ворухта 2 тажик өспүрүм сабалганы тууралуу маалымат - бул фейк"
Тажикстандык 2 өспүрүмдү кыргыз чек арачылары сабаганы тууралуу тажик сегментинде тарап жаткан маалымат - жалган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. ЖМКларда тарап жаткан маалыматты такташ үчүн алар тажик кесиптештери менен байланышкан. Алар өз кезегинде мектеп окуучуларынын кыргыз чек арачылары тарабынан кармалып, сабалган факты болбогонун билдиришкен. УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарапты негизсиз айыптоолордон алыс болууга, ошондой эле мамлекеттик чек арада кырдаалдын курчушуна алып келе турган билдирүүлөрдүн алдын алууга чакырды. Буга чейин "Азаттыктын" тажик кызматы Тажикстандын Исфара шаарынын бийлик өкүлдөрүнө таянуу менен Ворух анклавында жашаган эки өспүрүмдү кыргызстандык чек арачылар кармап, суракка алганын жазып чыккан.Маалыматта 8-класста окуган эки окуучуну 25-апрелде мал жайып жүргөн жеринен кыргыз чек арачылары кармап алып, уруп-согуп суракка алышканы айтылат. Алар Исфаранын жергиликтүү бийлиги жана тажик чек арачыларынын кийлигишүүсү менен бошотулганы кабарланган.
Unknown Author