SerepTV Logo

Чек ара кызматы: "Саат 23:45ке карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоду"

Чек ара кызматы: "Саат 23:45ке карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоду"
Саат 23:45ке карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгаштырылган бөлүктөрү жана курамалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, күч структураларынын бөлүктөрү жана милиция кызматкерлери менен бирдикте кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык керектүү чараларды көрүп жатышат.
Unknown Author