Чек ара кызматы: "Өткөн түнү ок атышуу катталган жок"
1-майда саат 09:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөн түнү эч кандай ок атышуу катталган эмес. Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташты. Ош-Исфана жолунун Жака-Өрүк тилкесиндеги жана Төрт-Көчө аймагындагы жол тазаланып, ачылды. Чек арачылар мамлекеттик чек ара тилкесин кайтарууда. Милиция кызматкерлери тарабынан блокпосттор орнотулуп, чек ара аймагындагы жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.