SerepTV Logo

Чек ара кызматы: "Абал курч. Тажик жетекчилери менен телефон аркылуу байланышуу мүмкүн болгон жок"

Чек ара кызматы: "Абал курч. Тажик жетекчилери менен телефон аркылуу байланышуу мүмкүн болгон жок"
Бүгүн, 29-апрелде болжол менен саат 04:40 чамасында Баткен облусунда, тактап айтканда, Көчө-Бою аймагындагы абал курчуду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, абалдын курчушуна тажик тараптын Кыргыз жарандары жашаган үйлөрүнө таш ыргытуусу себеп болгон. Ошондой эле тажик тарап Кыргыз жарандарынын унааларын мылтык менен аткылап башташкан.

"Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал курч. Тажикстан Республикасынын Чек ара башкармалыгынын жетекчилиги менен телефон аркылуу байланышуу мүмкүн болгон жок, телефон чалууларга жооп бербей жатышат", - деп айтылат маалыматта.