SerepTV Logo

"33 адам көз жумду". Чек ара кагылышында каза болгондордун тизмеси

"33 адам көз жумду". Чек ара кагылышында каза болгондордун тизмеси
Саат 12:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алгандардын саны 163 кишиге жетти. Ал эми каза болгондордун саны - 31. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди. Ал эми саат 13:00гө жакын министр Алымкадыр Бейшеналиев Лейлекте дагы 2 адам каза болгонун билдирди. Жалпы 33 адам көз жумду. Чек арада каза болгондордун аты-жөнү:
  1. Эсентур Кубанычбеков 1991-жылы туулган;
  2. Бекзат Юлдашев 1991-жылы туулган;
  3. Манасбек уулу Нурсултан 1992-жылы туулган;
  4. Махаммад Сайдаров 1985-жылы туулган;
  5. Мадина Рахмаджанова 2008-жылы туулган;
  6. Баяман Абдрахманов 1998-жылы туулган;
  7. Сагын Каратаев 1977-жылы туулган;
  8. Сүйүн Тагаев 1969-жылы туулган;
  9. Алтынбек Каработоев 1982-жылы туулган;
  10. Үсөн уулу Рашид 1973-жылы туулган;
  11. Жамшид Ганиев 1990-жылы туулган;
  12. Дастан Нурумбаев 1983-жылы туулган;
  13. Махаммадали уулу Мидин 1991-жылы туулган;
  14. Уланбек Мусаев 1991-жылы туулган;
  15. Чыңгыз Темирбаев 1995-жылы туулган;
  16. Салим Бактияров 1963-жылы туулган;
  17. Эргешаалы уулу Тынчтыкбек 1991-жылы туулган;
  18. Турдубай Сатаров 1988-жылы туулган;
  19. Медетбек Камчиев 1995-жылы туулган;
  20. Жаркынбек Аманов 1988-жылы туулган;
  21. Мырзабек Абдрахманов 1991-жылы туулган;
  22. Абдывахаб уулу Султанбек 2002-жылы туулган;
  23. Бахридин уулу Өмүрбек 2003-жылы туулган;
  24. Муланбек Тажибаев 1990-жылы туулган;
  25. Алижан Тагайбаев 1990-жылы туулган;
  26. Жигитаалы уулу Дуулатбек 1998-жылы туулган;
  27. Тойчубек Исманов 1958-жылы туулган;
  28. Шухратбек Зикиров 1989-жылы туулган;
  29. Арыпбай уулу Шумкарбек туулган жылы такталууда;
  30. Анамидин Асанов 1972-жылы туулган;
  31. Аты-жөнү, туулган жери такталууда.
Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев акыркы сааттарда каза болгон жарандын бири 1966-жылы туулганын айтса, экинчиси 1991-жылы туулган жаран эле.