SerepTV Logo

Алоолонуп күйүп жаткан үйлөрдүн видеосу тарап жатат. Чек ара жаңжалында тартылганбы?

Алоолонуп күйүп жаткан үйлөрдүн видеосу тарап жатат. Чек ара жаңжалында тартылганбы?
Социалдык тармакта жана мессенжерлерде чек ара жаңжалынан улам делип, алоолонуп күйүп жаткан үйлөрдүн видеосу тарап жатат. Азырынча бул турак-жайлар Баткендин кайсы айылына караштуу экендиги тууралуу маалыматтар белгисиз жана бүгүнкү жаңжалга тийиштүү экендиги ырастала элек. Буга чейин да Көк-Таш айылында кыргыздарга таандык бир канча үйлөр өрттөнүп жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Бирок ал маалыматты Баткен облустук администрациясы төгүндөгөн болчу.
Unknown Author