Чек ара жаңжалынан дагы бир адам көз жумду. Окко учкандардын жалпы саны 35 болду
Чек ара жаңжалынан дагы 1 Кыргыз жараны каза болду. Окко учкандардын жалпы саны 35 кишиге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Буга чейин жаңжалда 34 адамдын каза болгону, 183 адам жаракат алганы айтылган эле. Ошондой эле жаракат алган жарандардын ичинен 1 адамдын абалы өтө оор экендиги маалым болгон.