SerepTV Logo

Былтыр өлкөдө 100гө жакын бала өз жанын кыйган. Бул эки жыл мурункуга караганда эки эсеге көп

Былтыр өлкөдө 100гө жакын бала өз жанын кыйган. Бул эки жыл мурункуга караганда эки эсеге көп
Былтыр Кыргызстанда 98 бала өз жанын кыюуга барган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова өкмөттө өткөн аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселеси боюнча кеңешме учурунда билдирди. Анын айтымында, өткөрүлгөн талдоолор суицидге аяр катмардагы үй-бүлөнүн балдары гана эмес, кадимки үй-бүлөдөгү балдар да бара турганын көрсөттү. Ата-эне балдары менен тил табышпаган учурларда кырсык болгон окуялар көп кездешет. «Тактап айтканда, 2020-жылы балдар арасында 98 суицид болсо, 2019-жылы жашы жете электер арасында мындай 48 факты катталган. 2021-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 1463 окуясы катталган жана балдарга карата зомбулук жана катаал мамиле боюнча 129 окуя катталган», - деп билдирди Солтонбекова.
Unknown Author