SerepTV Logo

Былтыр банк секторунун чыгымдары 13,4 пайызга өстү

Былтыр банк секторунун чыгымдары 13,4 пайызга өстү
2020-жылы экономиканын каржы секторунда 642 уюм: анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 600 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 15 камсыздандыруу компаниясы жана үч инвестициялык фонд ишин жүргүздү. Өткөн жылдын ичинде экономиканын каржы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 23 пайызга көбөйүп, 53 миллиарддан ашык сомду түздү. Каржы секторунун уюмдарынын чыгымдары 2020-жылы 39 миллиард сомду түзүп, 13,4 пайызга өстү. Пайданын негизги көлөмү банктар (каржылык сектордун жалпы суммардык көлөмүнүн 78,2 пайыз) жана микрокредиттик уюмдар (18,2 пайыз) тарабынан алынды. 2020-жылы каржы секторунун кирешелүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынан 62 пайыздан көбүн түздү, ал эми 19 пайызга жакын уюм чыгашага учурады.
Unknown Author