Бүгүн Кыргызстанга “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келет
Бүгүн, 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Вакцина Бишкектин “Манас” аэропортуна саат 15:15те келип түшөт. Иш-чарага биринчи вице-премьер Артем Новиков жана Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, вакцина келип түшкөндөн кийин кайсы категориядагы адамдарга сайылары боюнча чечим кабыл алынат.
Белгилей кетсек, 29-марттан тарта Кыргызстанда Кытайдан келген Sinopharm вакцинасы менен эмдөө башталган. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө 13 552 адам эмделди. Алардын 178и экинчи компонентин алышты.