Royal
SerepTV Logo

Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүнө газ берилип баштайт

Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүнө газ берилип баштайт
Бүгүнтөн баштап Бишкектин борборуна газ берилип баштайт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынан маалымдашты. "20-июнга белгиленген убактан эрте оңдоп-түзөө иштери аяктады. Эскирген газ түтүктөрү толук алмашылды. Бүгүнкү күндөн баштап Бишкектин газ өчүрүлгөн борбордук аймактарына газ берилип баштайт. Бүгүн күн бою "Бишкекгаздын" бардык авариялык кызматтары газ түтүктөрүндөгү басымга байланыштуу коопсуздукту сактоо үчүн текшерүү иштерин жүргүзүп турат", - деп жазылат маалыматта.