Бүгүн Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттар” тапшырылат
Бүгүн, 13-июлда Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара өтөт.