Бүгүн Бишкекте "Баткен, сен жалгыз эмессиң" аталышындагы пикет өтөт
Бүгүн, 29-апрелде өкмөт үйүнүн алдында "Баткен, сен жалгыз эмессиң" аталышындагы пикет болот. Бул маалыматты социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, пикет саат 14:00дө башталат. Уюштуруучулардын айтымында, чек ара боюнча ар бири жооптуу.
Кечээ, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Тактап айтканда, эки өлкөнүн жарандары бири-бирине таш ыргытып башташкан, кийинчерээк мылтыктан ок чыгарылган. Ал эми Баткен ОИИБ бүгүнкү кырдаал боюнча маалымат берип, окуялардан кийин эки кылмыш иши козголгонун маалымдады.